• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик бажы кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Исабеков Самат Сатарович КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 7-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жаңы жетекчини бүгүн бажы кызматынын өздүк курамына тааныштырган.

Самат Исабеков 1996-жылдан ушул күнгө чейин бажы органдарында иштеп, ар кандай ыкчам кызматтарда, анын ичинде, жетекчилик кызматтарда иштеген.

Пикир

Оставить комментарий