• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик бажы кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Алмаз Оңолбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов бүгүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий