• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик бажы кызматында Кырдаалдык борбор ачылды

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында Кырдаалдык борбордун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР премьер-министринин милдетин аткаруучу, КР биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков, мамлекеттик органдардын жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышты.

Кырдаалдык борборду түзүүнүн негизги максаты – Мамлекеттик бажы кызматы өткөргөн бизнес-процесстерди санарип форматына которуу.

Кырдаалдык борбордун иши төмөнкүлөргө багытталган:

  • жүрүп жаткан процесстерге мониторинг жүргүзүү жана моделдөө жана кырдаалдын өнүгүү сценарийлерин божомолдоо жана альтернативдик чечимдерди иштеп чыгуу;
  • маалыматтык ресурстарды, интеллектуалдык маалыматтык технологияларды жана маалыматты чагылдыруу каражаттарын пайдалануу менен чечимдерди ыкчам иштеп чыгууну уюштуруу;
  • белгиленген ченемдерден четтөөлөргө талдоо жүргүзүү жана ыкчам жооп берүү;
  • навигациялык пломбаларды колдонуп автотранспорттук каражаттарга байкоо жүргүзүү;
  • ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасынын ишине талдоо жүргүзүлөт.

Мындан тышкары Кырдаалдык борбордо колл-борбор иштейт. Мында телефон, ошондой эле телеграмма каналы жана МБКнын расмий сайты аркылуу онлайн кайрылуулар боюнча жарандарга кеңеш берүү жүргүзүлөт. Бул тышкы экономикалык иштин катышуучуларына жана каалаган жарандарга керектүү маалыматтарды тез арада алууга мүмкүнчүлүк берет. Өткөрүү пункттарында көйгөйлөр пайда болгон учурда колл-борбордун кызматкерлери ыкчам чара көрүп, маселелерди чечүүнү тездетишет. Колл-борбор жыл бою 24 саат иштейт. Борборго 0312 51 06 51 номуру аркылуу чалса болот

Белгилей кетүүчү нерсе, Кырдаалдык борборду түзүүгө республикалык бюджеттен каражат коротулган эмес. Долбоор ЕККУнун, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) “Борбордук Азияда соода жол – жоболорун жөнөкөйлөтүү” программасынын жана БУУ БКБнын колдоосу менен ишке ашырылган.

Мамлекеттик бажы кызматынын түзүмүндө Кырдаалдык борбордун иштеши бажы операцияларынын бардык деңгээлдеринде айкындуулукту камсыз кылат, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатууга көмөктөшөт, бул ведомствонун ишине калктын ишеним деңгээлин жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий