• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мамлекеттик бийликке чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз – президент

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, мамлекеттик бийликке чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз, - деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы билдиргендей, коррупция менен күрөштө жакшы жыйынтыктар бар.

«Массалык маалымат каражаттары канчалаган коррупциялык иштерди коомчулукка ачыктоодо. Көзгө сайып көрсөтүүдө. Жарандык коом ушунчалык колдоп жаткан соң, коррпуцияга каршы күрөш токтобойт. Сиздер, укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзүңөр жетектеген ведомстволордо жана министрликтерде реформалар жүргүзүлүп жатат деп бардык жерде айтып жатасыңар. Реформалар жөнүндө жарыялап коюу оңой. Аны реалдуу ишке ашыруу, өз ведомствосун коррупционерлерден тазалоо, бул — башка нерсе. Бул жагында силер жүктөлгөн милдеттерди толук көлөмдө аткара албай жатасыңар», — деди мамлекет башчысы.

Өлкө башчысы ушунун кесепетинен, жалпы эле мамлекеттик бийликтин аброюна шек келтрилип жатканын дагы бир жолу баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий