• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик бюджетке 26 миллион 408 миң 750 сом кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Айрым коммерциялык компаниялардын калкка байланыш кызматын сатуудагы салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, коммерциялык компаниялардын биринде жүргүзүлгөн салыктык текшерүү иштеринин алкагында, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Жыйынтыгында мамлекетке 26 миллион 408 миң 750 сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

"2020-жылдын 30-январында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында “экономикалык жана кызматтык кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, акчалай каражаттарды топтоштуруу жана эсепке алуу үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеби” аркылуу мамлекеттик бюджетке 26 миллион 408 мин 750 сом которулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий