• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик чек ара аркылуу мал-жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүү аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара аркылуу мал-жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 5-8-сентябры аралыгында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мал-жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүү аракетине бөгөт коюшкан.

5-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жергесинде кызмат өтөп жаткан чек арачылар Hyundai-Porter үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан мамлекеттик чек арадан айдалып өтүүгө даярдалган 5 баш ийри мүйүздүү бодо мал-жандыктарын аныкташкан.

7-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 50 гектар жергесинде да чек арачылар Hyundai-Porter үлгүсүндөгү автоунаасын жолуктурушкан. Унаанын айдоочусу 10 баш майда ийри мүйүздүү мал-жандыктарын Өзбекстандын аймагына айдап өтүүгө аракет кылган.

Эки учурда тең мал-жандыктарды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылышкан.

Аталган фактылар боюнча КР Ички иштер министрлигинин аймактык тарамдарынын кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий