• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдө кандай жазалар белгиленген? Жооп

Аймак 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдө кандай жазалар белгиленгендиги тууралуу айтып беришти.

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз, чек араны бузуп кирген башка мамлекеттин жарандары КР мыйзамдарынын негизинде жоопко тартылат. Алар КР мыйзамдарында белгиленген 358-беренеге ылайык, категориясына жараша 220 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлөйт жана 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу жарандарды өткөрүү 2004-жылдын 26-майындагы Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык “Кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттары жөнүндө” келишиминде кеңири каралган. Алар “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол” жана “Кызыл-Бел” автожол өткөрүү пункттары аркылуу жалпы жарандык паспорттору менен жарандарды өткөрөт.

Коңшу мамлекеттердин аймагына жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүү пункттары аркылуу гана өтүүгө болот, башка аймактардан өтүү, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү деп эсептелинет.

Ал эми Тажикстандын аймагына башка мамлекеттин жарандары мыйзамсыз жолдор менен чек араны бузуп өтсө, категориясына жараша 300 миң сомго чейин жазана салынат же эркинен ажыратылат.

Ошондой эле Өзбекстанстандын мыйзамдарынын 223-беренесине ылайык, аталган мамлекеттин чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн башка мамлекеттин жарандары 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат жана сот тарабынан мыйзам чегинде айып салынат. Баткен облусунан Өзбекстандын аймагына “Кадамжай”, “Кызыл-Кыя” автожол өткөрмө пункттары аркылуу гана өтүүгө болот.

“Жарандардын кайсы мамлекеттин аймагында жүргөндүгүнө карабастан, мыйзамсыз кылган иштерине жоопкерчилик каралган. Ошондуктан Баткен облусунан кошуна мамлекеттерге өтүүдө, атайын чек ара өткөрүү пункттары аркылуу гана өтүүңүздөрдү эскертебиз” – деп айытлат өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, азыркы учурда, COVID-19 коронавирустук пандемиясына байланыштуу КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84 буйругунун негизинде өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий