• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган КР жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү жайынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 1993-жылкы С.А. аттуу жаран паспорттук көзөмөлдөн өтпөстөн , Казакстандын аймагына өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок,“Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү пунктунун чек ара кезмети тарабынан кармалган.

Сурамжылоо учурунда С.А. аттуу жаранга тиешелүү органдар тарабынан республиканын аймагынан сырткары чыгууга чектөө салынганы аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган жаран КР ИИМдин аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий