• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч бойдон калууда

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагындагы чек ара аймагында, атап айтканда, Баткен районунун Көчө-Бою жергесинде бүгүн, 29-апрелде болжол менен саат 4:40тарда абал курчуп кетти. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырдаалды курчутууга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон, алар Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Андан кийин тажик тарап аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан кыргыз жарандарынын унааларын аткылай баштаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жарандарынын арасында жабыркагандар бар. Тажик тараптан аткылоо мезгил-мезгили менен уланууда.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек арасында абал курч.

“Тажик тараптын чек ара ведомствосунун жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок. Телефон чалуулар жоопсуз калды”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий