• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия 9-класстарга дин таануу сабагынын киргизилишин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 10-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясы 9-класстарга дин таануу сабагынын киргизилишин түшүндүрдү.

Ведомствонун өкүлдөрү тегерек үстөлдө билдиргендей, бул сабак өлкөнүн 10 мектебинде сынамык түрдө киргизилген. Бул мектептердин экөөсү Бишкекте жайгашкан.

“Сабак “Диний маданият тарыхы” деп аталып, аны тарых мугалими окутат. Мында терең диний билимдин зарылдыгы жок, болгону окуучулар бардык конфессиялар жана алардын тарыхы тууралуу билүүлөрү керек. Сабак балдардын арасында толеранттуулукту калыптандырууга багытталган”, - деп белгилешти мамкомиссиядан.

Ошондой эле, мектеп программасынан жаңы сабак үчүн саат алуу оор болгондугу белгиленет.

“Биз 1-жарым жылдыкта 9-класстарда жумасына 1 сааттан гана убакыт таптык. Жалпысынан 16 саат болот”, - деп кошумчалады Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиядан.

Пикир

Оставить комментарий