• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссияда 3037 диний уюм катталган – Закир Чотоев

Коом 0

Бишкек, 10-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясында 3 миң 307 диний уюм катталган. Бул тууралуу бүгүн тегерек үстөлдө аталган мамкомиссиянын директорунун орун басары Закир Чотоев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинде 2 миң 643 уюм – ислам, 380 – христиан, 1 уюм иудалык, 1 – буддалык жана 12 Бахай жамааттары бар.

“Ошондой эле, 100гө жакын диний окуу жайлар бар. Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия аларды жөнгө салуунун үстүндө иштейт. Туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар көйгөйлөр жана кемчиликтер аныкталган. Алсак, мониторингден жалпысынан 74 окуу жай өтсө, анын 63ү – ислам, 11и – христиан багытында. Светтик билим берүү, мугалимдеринин же жетекчилиеринин диний билиминин жоктугу сыяктуу кемчиликтер белгилүү болгон. Мектепти аяктабагандар да бар. Көпчүлүк маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жазуу түрүндө эскертүүлөр берилет. Ошондой эле каттоонун жоктугу көйгөйү да бар. Мындай шарттарда бир нече жолку эскертүү берилип, талаптар аткарылбаса окуу жай жабылат”, - деди ал.

Мындан тышкары, З.Чотоев катталуу эрежесин бузган диний фонддордун ишмердиги боюнча маселелер бар экендигин билдирди.

“Учурда бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан, бузууларга жол берген бир катар фонддор аныкталды. Алардын лицензиясы алынат”, - деп кошумчалады З.Чотоев.

Пикир

Оставить комментарий