• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мамлекеттик Финансылык чалгындоо финансы мекемелери үчүн шектүү операциялардын тизмесин жөнөкөйлөтөт

Экономика 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. 2017-жылы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына 1,1 млн. ашун билдирүү келип түшкөн, алардын ичинен 200 миңи шектүү операциялар боюнча, бардыгы болуп террорчулукту каржылоо боюнча 200. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мыйзам долбоору сунушталууда, анда финансылык мекемелер Финчалгындоого сунуштаган кайрылуулардын санын азайтуу каралган.

“Бүгүнкү күндө мыйзамда 14 пункт көрсөтүлгөн, алар 4кө чейин кыскарат. Жөн гана ашыкча маалымат бар. Учурда финмекеме бизге 1 млн. сомдон ашун сумма боюнча маалымат жиберет. Биз учурда финмекемелерди өз кардарларынын анализин өздөрү жүргүзүүсүн милдеттендирүүнү, бизге болсо шектүү маалыматтарды гана жөнөтүүнү карап жатабыз”,-деп билдирди ал.

Кадыралиев билдиргендей, маалымат өз маалында берилбеген кезде жана толук эместиги үчүн Административдик кодексте жоопкерчилик каралган.

Пикир

Оставить комментарий