• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевдин эстелиги орнотулду

Коом 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 25- ноябрда Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов, Жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурланбек Калыбеков, коомдук-маданий ишмерлер жана жакындары катышты.

Алгач Шабданбек Кулуевдин эстелиги ачылып, куран окулуп, Шабданбек Кулуев тууралуу эскерүүлөр айтылды.

Министр Азамат Жаманкулов өз кезегинде Шабданбек Кулуевдин кыргыз маданиятындагы орду тууралуу кайрылуу жасап, анын нар көтөргүс жасап кеткен эмгектери тууралуу эскерди.

Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган.

Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-жылы Жалил Садыков менен биргеликте Кыргызстандын гимнинин сөзүн жазган. Акынга 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси, 2011-жылы "КРдин эл мугалими" ардактуу наамы ыйгарылган. Ал 2020-жылы 24-ноябрда 78 жаш курагында дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий