• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча Жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча Жобо бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул документ мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун (МИД) даярдоо, ишке ашыруу жана мониторинг жасоо процесстерин жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Аталган Жобо аткаруу агенттиктери, ыйгарым укуктуу органдар жана кызыкдар тараптар үчүн мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун демилгелөө, тандоо, бекитүү жана ишке ашыруунун макулдашылган бирдиктүү тутуму болуп саналат.

Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча Жобо мамлекеттик инвестицияларды башкаруу процессиндеги ченемдик боштукту жаап, Кыргыз Республикасынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда түзүлгөн каржылоо жөнүндө келишимдерде камтылган жөнгө салууну толуктайт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндө тышкы жардам маанилүү факторлордун бири.

Тышкы каржылык жардам экономиканын ар кыл тармактарындагы, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Пикир

Оставить комментарий