• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик ипотекалык компания 25 млн сомго Бишкектен батир сатып алат

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому "Кийинки сатып алуу механизми менен ижарага берилүүчү турак жайдын" алкагында даяр турак жайларды сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган маалыматка караганда, пландалган сумма – 25 млн сом. Сынакка билдирме берүүнүн мөөнөтү – 23-ноябрь.

1-лот - батир сатып алынат: Бишкек шаары – Түштүк магистраль – Жаш Гвардия бульвары – Жибек-Жолу – 7-Апрель көчөлөрүнүн ички ччек арасында, бир батирдин жалпы аянты 60 чарчы мерден ашык эмес, жалпы аянты – 250 чарчы метр – 15 млн сом.

2-лот - батир сатып алынат: Бишкек шаарынын административдик чектериндеги жалпы аянты 60 чарчы метрден ашпаган, алына турган батирлердин жалпы аянты 200 чарчы метр – 10 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий