• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик ипотекалык компания 5,5 млрд сомго 4,7 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди

Экономика 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК) тарабынан 5,5 млрд сомго 4,7 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде "Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ААК башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, акыркы 5 жылдын ичинде 16 миңден ашык адам турак жай менен камсыз болгон.

"Коронавирус пандемиясынан пайда болгон кырдаалды эске алуу менен, Мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берип келүүдө. Ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн жаран насыя алган банкка арыз менен кайрылуусу керек. Банк кызматкери тарабынан ар бир арыз өз алдынча каралып чыгат”, - деп билдирди Абжапарова.

Ал кошумчалагандай, ушул жылдын апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң жаранга 42 млн сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий