• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта 16,5 миң адам үй менен камсыз болгон

Экономика 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта 16,5 миң адам үй менен камсыз болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

Анын айтымында, компания ишин баштагандан бери алар тарабынан 4 миң 500дөн ашык ипотекалык насыя каржыланган. Ал насыяларды каржылоого 5,2 млрд сом жумшалган.

"Жалпы 16,5 миң адам үй менен камсыз болду", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий