• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик ипотекалык компания каржылоону жана ипотекалык насыяларды берүүнү жандантты

Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралдан тарта «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК өнөктөш-банктар аркылуу “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча ипотекалык насыяларды каржылоону жана берүүнү улантат.

Компаниянын сайтында маалымдалгандай, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча электрондук порталында бекитилген программанын бардык катышуучулары “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК жана “Бакай Банк” ААК филиалдарына кайрылса болот.

Белгиленгендей, ипотекалык кредиттерди кароо жана берүү кезектүүлүктү түзүү аркылуу төмөндөгүдөй түрдө ишке ашырылат:

1. Банктын кеңсесине барганда Банктын кызматкери Сиздин арызыңызды электрондук порталда “МИК тарабынан жактырылды” деген статусу бар-жоктугун текшерет жана “Банктын кароосунда” деген статусун коет (учурда, статустун белгиленген күнү жана убактысы электрондук порталга жазылат, кошумча SMS–билдирүү жөнөтүлөт);

2. “Банктын кароосунда” деген статусунун белгиленген убактысы жана датасы боюнча “МИК” ААКын электрондук порталы ипотекалык кредиттерди каржылоого арыздардын кезегин автоматтык түрдө белгилейт;

3. Документтерди толук чогултуу жана турак жайды издөө үчүн Сизге кошумча "Турак жай издөөгө жана Банкка документтерди тапшырууга Сизге 20 күн берилет" деген SMS–билдирүү келген учурдан баштап 20 календардык күндөн ашык эмес убакыт берилет. Эгерде, Сиз белгиленген мөөнөттө керектүү документтерди чогултууга жана турак жай табууга үлгүрбөсөңүз, учурдагы каржылык ресурстардын чектелгенин эске алуу менен арызыңыздын статусу өзгөрүлөт. Бул учурда Сиз Банкка кайрадан кайрылууңуз керек, бирок бул учурда арызыңыздын статусту “Банктын кароосунда” деп өзгөрүлөт, электрондук порталда статусту белгилөөнүн жаңы датасы жана убактысы жазылат.

4. Банк тарабынан жактырылган бардык катышуучулардын ипотекалык кредит алууга арыздары «МИК» ААК тарабынан белгиленген мөөнөттө каржыланат.

“Ипотекалык насыяны берүү, анын өлчөмү жана мөөнөтү боюнча акыркы чечимди банк кабыл алат. Эгерде Сиз өнөктөш банктын чечими менен макул болбосоңуз, электрондук порталдын жеке кабинетине апелляция берүү менен, кеңсеге баруу же info@gik.kg электрондук дарегине кат жөнөтүү аркылуу “МИК” ААКна кайрылыңыз”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бардык суроолор боюнча https://gik.kg/ru/contacts/ номерлерине кайрылсаңыздар болот. “Эгерде кандайдыр бир суроолоруңуз болсо, биз менен байланыша албасаңыз, info@gik.kg электрондук дарегине жазсаңыз болот, бардык билдирүүлөргө “МИК" ААКы өз убагында жооп берет. Жарандарды тейлөө жана кеңеш берүүнүн түйшүгүнүн жогору болушуна түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий