• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн бардык шаарларында көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн бардык шаарларында көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында МИК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнкан уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Баткен, Нарын жана Жалал-Абад шаарларында 5-кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча долбоорлор бүтүп калды. Мамэкспертизанын оң корутундусун алгандан кийин аталган көп кабаттуу үйлөрдү курууга сынак жарыяланат. “Мындан тышкары, ушундай эле курулуштар өлкөнүн башка аймактарына дагы белгиленген. Бишкек шаарынын Тунгуч кичирайонуна көп кабаттуу үй куруу каралган. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу, ипотекалык насыя берүү менен аймактардын жашоочуларын турак-жай менен камсыздоону чечүүгө көмөк болот”,-деди ал.

МИКтин башчысы Бактыбек Шакеев билдиргендей, ипотека алууда Бишкек жана Ош шаарларында активдүүлүк байкалууда. Андан кийин Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустары турат. Баткен облусунан эң аз ипотека алышты – 23 насыя.

Пикир

Оставить комментарий