• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамлекеттик ипотеканы кайсы тармактын кызматкерлери алган?

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) үч жыл аралыгында 3,8 миңден ашык ипотекалык насыя берген.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында МИКтин төрагасы Бактыбек Шамкеев билдиргендей, компания кайсы тармактын кызматкерлери ипотека алып жатканы боюнча дайыма талдоо жүргүзүп турат.

"Мамлекеттик ипотеканы билим берүүнүн 30% кызматкери, бюджеттик уюмдардын (министрлик, муниципалдык уюидар ж.б.) кызматкерлеринин 30%ы, саламаттыкты сактоо министрлигинин 17% кызматкери, маданият тармагынын жана социалдык мекемелердин 4% кызматкери ала алышкан. Ошондой эле МИК жаратылыш кырсыктарынан улам турак-жайсыз калгандар турган аймакка үйлөрдүн курулушун ишке ашырды", - деди Шамкеев.

Мындан тышкары ал билдиргендей, ипотекалык насыя алуу үчүн айыл жергесиндеги үй-бүлөнүн кирешеси 7 миңден өйдө, Бишкекте 20 миңден 40 миңге чейин болушу керек.

"Аймактарда турак-жай арзан турат. Ал жакта үй-бүлө аз маянасына ипотекага үй алып, айына 500 сом жана андан жогору төлөйт. Бишкекте үйлөр кымбат болуп, үй-бүлөнүн кирешеси 20 миң сомдон көп болушу зарыл", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий