• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет – Өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул документтер мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ролун күчөтүүгө багытталган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкана менен иш жүргүзөт.

Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайрадан уюштуруу, жоюу, башкаруу органдарынын компетенциясын жана ыйгарым укуктарын конкреттештирүү, мамлекеттик органдардын мүлктүк абалын деталдаштырууну жөнгө салууга багытталган.

Кабыл алынган мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун алкагында мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиялык планы иштелип чыккан жана бекитилген. Анын негизинде ар бир жылдын бюджети иштелип чыккан.

Мындан тышкары мамлекеттик ишканаларда финансылык дисциплинаны күчөткөн, мамлекеттик мүлктү үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган, жетекчинин мамлекеттик ишкананын түзүүчүсүнүн алдында көзөмөлдө болуусун жана отчет берүүсүн белгилеген бир катар ченемдер киргизилген.

Ушуну менен бирге Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлердин резервин түзүү тартибин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий