• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык жыйынтыктарына жараша болот

Экономика 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык жыйынтыктарына жараша болот. Натыйжасыз ишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
«Мамлекеттик ишканаларды башкарууга мыкты менеджерлер тартылып, мамлекеттик ишканаларды ишенимдүү башкарууга ɵткɵрүү тажрыйбасы киргизилет», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатындагы учурдагы жаңы киргизүүлөргө басым жасады.
Анын ичинде, күтүлүп жаткандай, “Кыргыз почтасы” акционерлештирилет жана почта-банк түзүлөт. Муну менен бирге “Кыргыз темир жолунун” башкаруу системасына жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен каралып чыкмакчы.

Пикир

Оставить комментарий