• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик кадр кызматы JDS долбоору боюнча Япон эл аралык кызматташтык борбору менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Абдырахман Маматалиев менен JDS долбоорунун менеджери Сакауе Харуканын жолугушуусунун алкагында JDS долбоору (2022-2023-жылдары) боюнча Япон эл аралык кызматташтык борбору (JIKE) менен кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришкендей, Маматалиев бүгүн JDS долбоорунун (Япония) Кыргызстандагы менеджери Сакауе Харуканы кабыл алды.

Жолугушуунун башында Маматалиев конокту жылуу кабыл алып, азыркы тапта Япон өкмөтү менен Мамлекеттик кадр кызматынын ортосундагы JDS долбоорунун алкагында кызматташтыктын өнүгүп жатышына канааттандырарлыгын билдирип, мындан аркы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу багытындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө үмүтү зор экендигин белгилей кетти.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору жаңы кол коюлган контракт JDS долбоорунун сапаттуу ишке ашуусуна жана бул долбоорго мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасынан потенциалдуу талапкерлердин катышуусун камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

“JDS долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча келишимге кол коюлушу кадрларды окутуу багытындагы маанилүү реформа болуп саналат. Ошондуктан, биздин Япон эл аралык кызматташтык борборундагы кесиптештерибизге ыраазычылыгымды билдирем. Себеби өлкөбүздүн бул багытында жаралып жаткан көйгөйлөрдү сиздер жакындан билип, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумун реформалоодогу биз жасап жаткан аракеттерге сиздер өз көмөк көрсөтүүңүздөрдү улантып келе жатасыздар”,- деди Маматалиев.

Жолугушууга ошондой эле күбө иретинде өлкөбүздүн Каржы жана экономика министрлигинин статс-катчысы Улукбек Календеров да катышты.

Пикир

Оставить комментарий