• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик кадр кызматы Консультативдик эксперттик кеңештин отурумун өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматы Консультативдик эксперттик кеңештин отурумун өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Отурумду КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору ошондой эле жогоруда айтылган кеңештин төрагасы Нурханбек Момуналиев ачты. Ал өз сөзүндө Консультативдик эксперттик кеңеш Мамлекеттик кадр кызматы, жарандык жана эксперттик коомчулук менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча маселелерге байланыштуу кеңештерди, маанилүү ой-пикирлерди талкуулаган сүйлөшүүлөрдүн аянтчасы болуп калганын белгиледи.

“Консультативдик эксперттик кеңеш мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорун талкуулоо максатында да уюштурулган. Бул кеңеш мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелерине байланыштуу учурда күчүнө кирген мыйзамды, ошондой эле мыйзам долбоорлорду жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларды, концептуалдык, стратегиялык документтерди коомдук экспертизалардан өткөргөн”,-деди Н. Момуналиев.

Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча кеңештин бул отурумунда 3 маселе каралды. Анда КЭКтин долбоорунун жобосу жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн долбоорлордун индикаторлору менен КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматтык-талдоо иштери жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Н. Бегалиева тааныштырды.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча Консультативдик эксперттик кеңеш КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын буйругу менен 2012-жылы 29-октябрда түзүлгөн. Ал уюшулгандан тарта анын 8 отуруму болуп өткөн. Учурда кеңеш Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча кеңеш деп аталат жана анын курамына 20 адам кирет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча Консультативдик эксперттик кеңештин отурумунда 2017-жылга карата КЭКтин иш планы каралып, кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий