• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик кадр кызматы менен Бажы кызматы өз ара кызматташуу планын бекитти

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик кадр кызматы менен Бажы кызматы өз ара кызматташуу планын бекитти. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы К.Семетеевдин жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда өкмөттүн кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планын жүзөөгө ашыруу жана мамлекеттик бажы кызматындагы кадрдык саясатты кайра карап чыгуу, анын ичинде учурдагы кадр тандоо, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууланган.

“Жолугушуунун өзөгүн Мамлекеттик бажы кызматына кадр тандоодогу коррупцияга бөгөт коюу маселеси түздү. Мындан ары бажы органдарынын тышкы кадрлар резервиндеги талапкерлер мамлекеттик кызматка тиешелүү суроолор боюнча тестирлөөнү Мамлекеттик кадр кызматынын жана аймактык тестирлөө борборлорунда, ал эми бажы маселеси боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын окуу борборунда өткөрүлөт. Коррупция коркунучу жогору кызмат орундарына кадр тандоодо Мамлекеттик кадр кызматында полиграф тестирлөө өткөрүлөт. Ошондой эле бажы органдарына кадр тандоо тутумун тескөө үчүн тиешелүү мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бажы кызматынын сынактык комиссиянын курамын жаңыртуу чечими кабыл алынган. Ал комиссияга Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү, жарандардын ишеничине ээ болгон эмгектин ардагерлери, прогрессивдүү жаштардын өкүлү, жарандык активистер кирмекчи.

Ошондой эле Бажы кызматынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү пландалууда. Аттестациялык комиссиянын курамына Кадр кызматынын өкүлү да кирет.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик кадр кызматы менен Бажы кызматынын өз ара кызматташуу планы бекитилген. Ошондой эле планды ишке ашыруу максатында мекемелер аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган. Ал жумушчу топко планды ишке ашыруудагы көзөмөл, бажы кызматындагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү жана анализдөө милдеттери жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий