• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик кадр кызматы 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Коллегиянын отурумун КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев ачып, күн тартибине коюлган маселелер менен тааныштырды. Андан соң, Мамлекеттик кадр кызматынын бөлүмдөрүнүн жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери 2016-жылда аткарган иштеринин натыйжалары жана КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын 2017-жылга карата иш- планы тууралуу маселелер каралды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Коллегиянын отурумунун жүрүшүндө кадр кызматынын маалыматтык талдоо иштери жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Бегалиева, ченемдик-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы У.Апсаматов, мамлекеттик кызматты өтөө бөлүмүнүн башчысы М.Хусаинова , окутуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Н.Алишеров, мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Э.Акматалиев аткарган иштеринин натыйжалары боюнча презентацияларын жасашты. Андан сырткары, КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Н.Алдаяров, Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Аккозиев, Борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Өмүрзаков да өз презентацияларын сунушташты.

КРнын Мамлекеттик кадр кызматы 2016-жыл үчүн бекиткен планына 149 иш-чара кирген жана анын 132си аткарылган. Ал эми калган ишке ашпай калган иш-чаралар КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү ” жаңы Мыйзамын жүзөөгө ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышынын кечиккенине байланыштуу болгон.

Коллегиянын отуруму суроо-жооп жана талкуу иретинде болуп, анда коллегия мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуунун сапаты, мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматка алуудагы мыйзам буузуулардын себептери, ага карата көрүлгөн чаралар боюнча суроолор берилип, талкуулар болду.

Алсак, КРнын Мамлекеттик кадр кызматы КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине мониторинг жүргүзүү учурунда бул ведомствонун 11 түзүмүндө мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам бузуулар аныкталган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ваканттык административдик мамлекеттик кызматтарга “сынак өткөргөнгө чейин милдетин аткаруучу” деген шилтемеде 76 адамды эмгек келишиминин негизинде дайындашкан. Бирок, ошол эле убакта алар менен эмгек келишими түзүлгөн эмес. Бул министрликтеги кызматчылардын сапаттык курамын текшерүүдө 8 кызматкер квалификациялык талаптарга жооп бербегени, ошондой эле штаттык тизмеде каралган 9 административдик мамлекеттик кызматка квалификациялык талаптарды коюшпаганы аныкталган. Аталган көйгөй боюнча курч талкуу болуп, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Коллегиянын отурумунда КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н. Момуналиев 2016-жылда кадр кызматынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер аткарылганын белгилеп кетти. Өзгөчө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда бир топ иштер аткарылганына токтолду.

Коллегиянын отурумундагы биринчи маселедеги актуалдуу суроолор каралып бүткөндөн кийин, экинчи маселеде КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын 2017-жылга карата иш-планы каралып, бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий