• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик кадр кызматында JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматында Япония мамлекетинин JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрүнүн 9-тобунун отчёттук жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаров ачып, бул долбоордун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билимдерин жогорулатууга кошкон олуттуу салымын баса белгиледи.

А. Мадумаров JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрүн магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү жактап келишкендери менен куттуктап, “Бүгүнкү күндө биздин өлкө мамлекетибиздин өнүгүүсүнө багытталган маанилүү жана келечектүү максаттарды ишке ашырууга даяр болгон жогорку тажрыйбалуу адистерден куралган аппаратка муктаж. Мына ушул багытта, урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздерден үмүтүбүз чоң. Анткени, силер ал жактан билим гана албастан, япон маданиятын өздөштүрүп, эң мыкты тажрыйба топтоп келдиңер”,-деди.

“Мен сиздердин JDS долбоору аркылуу Япониядагы Жогорку окуу жайларда магистратураны ийгиликтүү аяктап келгениңиздерге ыраазымын. Анткени, жакшы кадрлар ар бир мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги күчү болуп саналат.” – деди Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамур.

Отчёттук жолугушууда бүтүрүүчүлөр өздөрү иштеген тармактар боюнча илимий эмгектерин сунушташты. Ага Президенттин жана Өкмөттүн Аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун соңунда жетекчилик бүтүрүүчүлөргө Японияда алган билимдерин, тажрыйбаларын күндөлүк иштеринде пайдалана берүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий