• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МККда Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик кадр кызматында Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабы өтүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы программасын ишке ашыруу, ошондой эле "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Мамлекеттик кадр кызматы Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине (Региондук резерв) киргизүүгө конкурс ушул жылдын март айында жарыяланган.

Мамлекеттик кадр кызматына 800дөн ашуун жарандан конкурска катышууга арыздар келип түшкөн. Конкурстук тандоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 247 талапкер жетиштүү упай топтошуп, конкурстук тандоонун кийинки этабы болгон аңгемелешүүгө кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

КР Мамлекеттик кадр кызматында 2021-жылдын 5-апрелинен тарта Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабы өтүүдө.

Конкурстук комиссияны Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт. Комиссиянын курамын ошондой эле президенттин аппаратынын өкүлү, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана Жамин Акималиев, Жаңыл Түмөнбаева жана Садыкбек Аблесов өңдүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадыр-барктуу ардагерлери толукташат.

Аңгемелешүү этабында талапкерлер комиссиянын мүчөлөрүнө аймакты өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн презентациясын сунушташат жана комиссиянын мүчөлөрүнүн бүйүрүн кызыткан бардык суроолоруна жооп беришүүдө.

Аңгемелешүүнүн соңунда комиссиянын мүчөлөрү ар бир талапкерге тиешелүү жалпы баасын коюшат.

Аңгемелешүү ачык-айкын өтүп жатат, анын жүрүшү Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында жана социалдык желедеги расмий баракчаларында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий