• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматынан бошотулуп, жаңысы дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрук менен Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн, 47-беренесине ылайык, ошондой эле башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Алышбаев Калыбек Кеңешович ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, Курманов Абдулазим Айдарович Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин башка буйругу менен ал Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий