• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мамлекеттик карыз 4,4 млрд долларды түздү: 85,7 пайызы – тышкы, 14,3 пайызы – ички карыз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд долларды түздү, анын ичинде 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊеште «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалды.

Мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жумшалган каражаттын 7,1 млрд сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 млрд сому негизги карыздарды жабууга чегерилген, деп кошумчалады министр.

"Ушу тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүӊ өнүмгө карата 56,7 пайызды түзөт", – деди Жээнбаева.

Пикир

Оставить комментарий