• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик катчы Башкы прокуратуранын кеңейтилген коллегиялык жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 30.01.23./Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 30-январда, прокуратура органдарынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жылдык коллегиялык жыйынына катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, акыркы кезде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ишмердүүлүгүндө улуттук идеологияга өзгөчө көңүл бурууда. Мекемеде иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, «Манас» эпосунан үзүндүлөр уктурулуп турганын башка органдарга үлгү катары баалады.

Коллегияда прокуратура органдарынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды.

Ошондой эле, учурдагы көйгөйлөр талкууланды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча үстүбүздөгү жылга карата тийиштүү милдеттерди, талаптарды койду.

Жыйынга аймактардагы прокуратура кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Бекбосун Апсатаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Сүйүнбек Өмүрзаков, УКМК жана ИИМдин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий