• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик катчы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясынын бет ачарына катышты

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 26-октябрда, 2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын бет ачарына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Иш-чарага ошондой эле Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, ЕККУ кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов, эксперттер, укук коргоочулар, жарандык коомдун жана ар кыл конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын негизги жоболорун кыскача айтып берди. Негизинен, окуу мекемелерине дин таануу жөнүндө сабактарын киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз эли көптөгөн кылым көчмөндөр демократиясы шартында жашаганын жана учурда эгемендүү Кыргызстанда демократиялык принциптер бекемделип жатканын белгиледи.

Ал президент Садыр Жапаровдун 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпай турганын айтканын эске салып, дин тутуу эркиндиги өлкөнүн конституциясы тарабынан кепилденгенин, ага ылайык эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү болуп эсептелбесин, ошондой эле ар бир жарандын каалаган динди кармануу же такыр эле карманбоо укугу корголорун кошумчалады.

«Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугу бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүү менен аныкталат. Эч бир дин чектөөгө алынбайт — бул конституцияда так жазылган», — деп билдирди мамлекеттик катчы.

Иш-чаранын катышуучулары концепцияны ишке ашыруунун негизги багыттарын талкуулашты. Мындай иш-чараны Ош шаарында дагы өткөрүү пландалууда.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров «2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо жана «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий