• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик катчы элдик курултайды өткөрүүнүн жол-жобосун түшүндүрүп берди – видео

Коом 0


Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-августта, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында биринчи элдик курултайды уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.

Иш-чарага уюштуруу комитетинин мүчөлөрү – президенттин администрациясынын кызматкерлери, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында эл менен жолугушууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жакынкы келечектеги тапшырмалар аныкталып, элдик курултайды уюштуруунун алкагында техникалык мүнөздөгү конкреттүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 16-августта “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Биринчи элдик курултай 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий