• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик катчы: Калкыбыздын ишенимине ээ болуу — башкы милдеттердин бири

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ош шаарында “Куттуу эл” биринчи Улуттук форуму өтүүдө.

Форум президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгынын алкагында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовдун колдоосу менен өтүүдө.

Форумда сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов төмөнкүлөргө токтолду: “Президент “биз бул жолу элибиздин мамлекеттик бийликке карата ишенимин калыбына келтиребиз. Ага эркибиз дагы, күчүбүз дагы жетет. Эми силерге талап катуу коюлат. Көйгөйлөрдү жеринде чечүү жолдорун сунуштагыла. Баштагыдай күтүп отура бермей жок, бул багытта мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен биргелешип иш алпаргыла” деген болчу. Чындыгында эле, азыркы шартта калкыбыздын ишенимине ээ болуу эң башкы милдеттердин бири болуп саналат. Ишенимсиз өсүш жок. Элдин мамлекеттик бийликке карата ишеними, биринчи кезекте, дал ушу мамлекеттик бийликтин жигердүү иш аракетине жараша болору бышык”.

Касмамбетов абалды тезинен турукташтырып, элдин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүү зарыл экендигин белгиледи.

“Бизге айткан сөзүнө кылган иши төп келген, эл милдетин аркалай алган, жамы журт кызыкчылыгын коргой билген күчтүү бийлик керек. Адам мыйзамга кызмат кылбастан, мыйзам адамга кызмат кылууга тийиш”, - деди мамлекеттик катчы.

Форумдун ишине белгилүү окумуштуулар, ар кайсы тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Форумдун жүрүшүндө окумуштуулардын, академиктердин улуттук идеология, улуттук идеологияны өнүктүрүүдө жаңы технологияларды колдонуу боюнча баяндамалары угулат. “Куттуу эл” биринчи улуттук форумунун жыйынтыгында Ош резолюциясына кол коюу күтүлүүдө.

Ал эми 20-майда Ош шаарында бир катар маданий иш-чаралар өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий