• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик катчы “Манас” эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 4-декабрда, «Манас» эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты, - деп кабарлайт президенттин администрациясы.

Өз сөзүндө м амлекеттик катчы Манас эпосунун артында жалпы кыргыз эли турганын белгиледи. Ал 9 жыл мурун «Манас жөнүндө» мыйзам үч окууда талкуусуз кабыл алынганын эске салды.

«Бул мыйзамда „Манас“ эпосу кыргыз элине таандык жана сыймыгы экени жазылган. Мындан тышкары, мыйзам эпосту ар кыл деструктивдүү жана бурмалап чечмелөөдөн коргойт. Мыйзам, Манас ар дайым биз менен деген маанидеги өзүнчө декларация катары кабыл алынган», — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдө жаш манасчылардын саны көбөйүп жатканын кошумчалады. «Манас ар дайым биз менен жана ал элибиздин маданиятынын өзөгүн түзөт. Бүгүн „Манас“ эпосу радио, телевидение жана башка медиа каражаттарда жаңырууда. Биз мындан ары да манас таанууну өнүктүрүп, жаңы жаш таланттар — манасчыларды тарбиялайбыз», — деди ал.

Салтанаттуу иш-чара жүрүшүндө жаш манасчылар ардак грамота, ыраазычылык кат жана башка белектер менен сыйланышты. Иш-чарага ошондой эле, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, көрүнүктүү маданият ишмерлери, окумуштуу манас таануучулар жана белгилүү манасчылар катышты.

Пикир

Оставить комментарий