• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик катчы: Президент иштеп жаткан мыйзамдарды так сактоо боюнча катуу талаптарды койду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 23-ноябрда, «Саясий туруктуулук – өнүгүүнүн негизги шарты» темасындагы «Чеч-Дөбө» коомдук-илимий дискуссиялык форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Коомдук ачык талкуу коомчулуктун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин колдоосунда болду.

Иш-чаранын максаты алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоолордун алкагында Кыргызстандын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана руханий-идеологиялык өнүгүү багытын, көйгөйлүү маселелерин бийлик, илим, билим берүү жана коомчулуктун катышуусунда талкуулоо жолу аркылуу жалпы мунасага келүү.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, учурда парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө активдүү даярдык көрүлүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ар кыл деңгээлдеги жетекчилерге кайрылып, эркин жана адилетүү добуш берүү жараянын уюштуруунун маанилүүлүгүн билдирген.

«Мамлекет башчысы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине иштеп жаткан мыйзамдарды так сактоо боюнча катуу талаптарды койду. Андай болбосо, аларга катаал жаза колдонулат. Белгилүү болгондой, акыркы убакта административдик ресурсту колдонгон учурлар жана шайлоону өткөрүүдө мыйзамсыз ыкмаларды пайдалануу боюнча кескин чаралар көрүлүүдө», - деди ал.

Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, жер-жерлерде добуш сатып алууларды жана административдик ресурсту толук жокко чыгаруу үчүн жолугушуулар жана ар кыл иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мамлекеттик катчы кошумчалагандай, жарандар парламенттик шайлоодо мыйзам бузууларга жол бербөө максатында өздөрү уюшушуп жатканы байкалууда жана мындай көрүнүштөр коомчулуктун консолидациясына өбөлгө болот.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө мамлекеттин заманбап идеологиясынын негизин түзгөн элдин көп кылымдык салттарынын көөнөрбөс баалуулуктарын баса белгиледи.

Ошону менен бирге ал коомдо коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө жек көрүүнү жана жарандарда мыйзамдуулукту сыйлоо сезимин калыптандыруу милдеттерине чоң маани берди.

Ошондой эле, форумдун башка катышуучулары мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо боюнча коомдун негизги жоопкерчилигин, ага жетүү үчүн Кыргызстандын тарыхындагы эң таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүү үчүн бардык күч-аракет жумшалып жатканын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий