• 84.8
  • 95.69
  • 1.15

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: «Ат жүгүрбөйт – тап жүгүрөт, тап жүгүрсө – бак жүгүрөт»

Коом 0

Ушу тапта өлкөнүн жети дубанында аралаш тутумда шайлана турган Жогорку Кеӊештин парламенттик шайлоо өнөктүгү өтө кызып турган маал. Алтургай, соӊуна да чыгып калды. 28-ноябрь күнү жаӊы шартта, жаӊы нукта өтө турган парламенттик шайлоону утурлай, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, анын Кыргызстан калкы үчүн болгон мааниси жаатында кепке тартык. Эмесе, ошол маекти окурман назарына салабыз.

Урматтуу Сүйүнбек Сапарбекович, Сиз негизинен мамлекеттик бийликтин маданий жана руханий жактан өсүү саясатын алпарган жооптуу кызмат адамы катары эл аралап, коомчулуктун тамырын тартып жүрөсүз. Парламенттик шайоого катышкан тараптар менен шайлоочулардын жалпы маанайы кандай, азыркы шайлоо мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат, калкыбыздын саясий маданиятында айрым бир өзгөрүүлөр барбы?

— Көптүн көзү көрөгөч эмеспи, мен деле сиздер көргөн көрүнүшкө күбө болуп жатам. Жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо өнөктүгү менен азыркы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн салыштырып көрсөк, айрымасы асман менен жердей болуп турат. Башта өткөндөн сабак албаган бийлик менен саясий шылуундардын тобу, бийликчил олигархтар менен базаркомдор мыйзамды каалагандай калчап, калкыбыз алардын барымтасында калбады беле. Анын аягы эмне менен бүткөнүн жакшы билесиз.

Биз бул жолку шайлоого чоӊ даярдык менен келдик. Өткөн референдумдун жыйынтыгында элибиз президенттик башкаруу формасын тандап алды, Конституция жаӊыртылды. Ал эми «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы жөнүндө» өӊдүү бир катар улуттук мыйзамдар баш мыйзамдын жоболоруна шайкеш келтирилди. Анын канчалык туура болгону бүгүн көрүнүп жатат.

Шайлоолордун маанисин, мыйзамсыз шайлоолордун кесепети эмнеге алып келерин шайлоочуларыбыздын өздөрү деле түшүнүп, бири-бирин көзөмөлдөп калды. Азыр парламенттик шайлоо өнөктүгү ырааты менен жүрүп, одоно мыйзам бузуулар, шайлоочулардын добушун сатып алуу, баягы көкөйгө көк таштай тийген администравдик ресурстарды колдонуу жосундары дээрлик жокко эсе десек да болот. Болсо да чанда, дароо тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Бул саясий маданиятыбыздын калыптанып баратканынан кабар берет.

«Мыйзам аке тултуйса - Мылтык үкө үн катат» дейт, биз баарылап Мылтык үкөбүздү тыйып, Мыйзам акебизди сыйлоого тийишпиз. Кеп баардык аракеттердин мыйзам жолуна салынгандыгында турат. Президентибиз Садыр Жапаров башында эле парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрөбүз, баштагыдай административдик ресурстар колдонулбайт, шайлоо жүрүмүнө мыйзамсыз кийлигишкендер өз жазасын алат деп эскерткен. Мыйзамга ылайык, шайлоо тартибин бузгандар 260 миӊ сомго чейин айып пул тартат же 2,5 жылга чейин камалат. Албетте, алардын жаза чаралары жасаган күнөөсүнө жараша болорун белгилей кетишибиз керек.

Ошентсе да, баягы көнгөн адат боюнча, арабызда Президент баш болгон жогорку кызмат адамдарынын атына жамынып, өз кызыкчылыгы үчүн айрым жеке маселелерин чечип алууга аракет жасаган амалкөй талапкерлер да жок эмес. Президентибиз Садыр Жапаров мындан ары мындай жосундар өтпөй турганын, андай адамдарга мыйзам алкагында кескин чаралар көрүлө турганын эскертти. Мыйзамды билбөө мыйзам жоопкерчилигинен бошотпой турганын эгерим эстен чыгарбайлы.

Сүйүнбек Сапарбекович, Сиз мурда көп жылы Жогорку Кеӊештин Аппаратын жетектеп келгендиктен, парламентаризмдин, анын ичинде кыргыз парламентинин табиятын жакшы билет эмессизби. Дегеле, кыргыз парламентинин дарегине айтылган сындар арбын, коюлган дооматтар көп…

— Бийликтин башкы булагы – эл! Кыргыз парламенти – Жогорку Кеңеш мына ошол элдин өкүлчүлүк органы, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, эми Жогорку Кеңештин курамы аралаш тутумда, мындайча айтканда, пропорционалдык жана мажоритардык жол менен шайлаганы турат. Демек, парламентке эл кызыкчылыгын коргоо боюнча өтө зор жоопкерчилик тагылууда.

Өнөлгөлүү демократия өтөлгөсү, баарыдан мурда, жамы коомчулук алдында турган ар орчун маселеге карата дал ошол коомчулук өкүлдөрүнүн аргандай көзкарашта катышынан улам көрүнөт. Анысы кандай, бизге алсыз партиялардын, бизге жансыз парламенттин, күңкор бийлик бутактарынын, кызылкамчы бийлик башчыларынын кереги жок. Бизге айткан сөзүнө кылган иши төп түшкөн, эл милдетин аягына чейин аркалайа билген, жамы журт кызыкчылыгын коргой турган күчтүү бийлик керек, ошого жараша күчтүү парламент болмогу шарт.

Жалпы коомдук өсүп-өнүгүүнүн негизги тиреги катары көрүнүп жаткан мына ошол «демократия» жана “парламентаризм же эл өкүлчүлүгү” түшүнүгү тегин жерден чыккан жок, жайдак жерге конгон жок. Байыртан эле кыргыз элинин коомдук түзүлүшүнүн кыртышында элдик демократия данеги боло келген. Тек, аны эл аралык деңгээлдин чен-өлчөмүнө туура келгидей учур талабына, ички жандүйнө ынанымдарына шайкеш көтөрүп чыгуу милдети турат.

Өткөн бир маегиӊизде көп жылдардан бери козголуп, бирок алигиче чечилбей келаткан «люстрация» маселесине кайрылып, ал азыр жүрүп жатат дегендей кыяздагы пикириӊизди билдирипсиз. Ошону дагы бир ирет тагыраак чечмелей кетсеӊиз. Деги «люстрация» деген эмне?..

— Азыркы бийлик өзүнүн алдына кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, социалдык теңчиликти тегиз камсыздап, экономикасы өнүккөн мамлекетти куруу максатын койгон. Демек, мамлекеттик бийлик бутактарында кандайдыр бир тазалануу жүрүп, эл ишениминен чыккан бийликтин саркындыларынан арылып, жаӊылануу жолуна түшүшүбүз керек болчу. Өзүӊөр деле сезип жатсаӊар керек, азыр андай аракеттер жүрүп жатат. Ал мыйзам ченемдүү нерсе. Мен ошол тууралуу айткамын.

Эми, «люстрация» деген сөз латын тилинде “курмандыкка чалуу аркылуу тазалануу ыкмасы” деген маанини билдирет. Арбайы суук сөз бекен? Азыркы жалпак тилге салганда, кесиптик, жоопкерчилигине жараша, жооптуу кызматта туруп эл ишенимин жоготкон айрым бир адамдын кайсы бир укуктарын чектөө деген эле кеп да. Эгер биз азыртан тазалана албасак, анда ансыз деле алкы ачылып калган «жапан демократиянын» жемсөөсүнө жук да болбой калуубуз ажеп эмес.

Дегеле, «люстрация» маселеси бери дегенде 2005-жылдан бери эле байма-бай козголуп келет, бирок биржаӊсыл чечилген эмес. Аракеттер болгон, тилекке каршы, буга чейин бийликке келгендер бул маселени өз түшүнүгүнө жараша чечишти окшойт. Жыйынтыгын көрдүк, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарында «бармак басты – көз кыстылык» тамырын тереӊ сайып, коррупциялык жосундар тамырын кенен жайып, эл үмүтү акталган жок. Кайрадан эл көтөрүлүп чыкты – бийликтегилер кетип тынды.

Ошондон улам, азыркы бийлик люстрация маселесин чечүү ишаратын элдин өзүнө койду. Анын бири – парламенттик шайлоо усулу. Азыр ар бир шайлоочу партиялык тизмедеги же аймактардан коюлган тигил же бул талапкердин жеке өзүнө гана добушун бере алат. Демек, бул жолу мурда жооптуу кызматта туруп, эл ишенимин актай албагандардын катары кыйла суюлат деген ойдомун. Муну люстарциялоонун дагы бир алгылыктуу жолу карасак болот.

Андан тышкары, буга чейин башаламан болуп келген мамлекеттик бийликтин вертикалы түзүлүп, мамлекеттик түзүмдөрү менен иш-милдеттери кыйла оптималдаштырылды, аларды коррупциялашкан мафиялык топтордон тазалоо чаралары көрүлүп жатат.

Буюрса, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо чукулдап калды, алдынала кандай жыйынтыктарды күтүп жатасыздар?

— «Ача жолго туш келген аттын башы маң болот» дейт, анысы кандай, 30 жылдан бери аттын башын ар кимиси ар башка жолго буруп жатып, өзүбүздүн башыбыз да маң болуп бүттү. Азыртан акылыбызга келбесек болбойт. Баарылап акыл калчайлы да, аттын башын анан гана буралы. Буюрса, мына ошондой аяк-башы белгисиз туюк жолдун башы ачылгансып турат. Башкысы – парламенттик шайлоо таза жана ачык-айкын өтсүн. Суу башаты булганса – кашатынан суу ичкен калктын шору.

Баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, бирдей мүмкүнчүлүк берилди. Баштагы «кара тизме», «чала тизме», «ала тизме» деген сындуу көшөгө артындагы көмүскө оюндардын бары токтогон. «Ат жүгүрбөйт – тап жүгүрөт, тап жүгүрсө – бак жүгүрөт!” деген накыл кеп бар эмеспи, ансы кандай, аламан жарышта марага ким озуп келет, аны өз багынан көрсүн, дареметине жараша болот.

Маектешкен "Кабар" КУМАнын редактору Нурсулуу Нуркамилова.

Пикир

Оставить комментарий