• 80.18
  • 78.86
  • 1.37

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: «Качкан дагы кудай дейт, кууган дагы кудай дейт!»

2624 кароо Коом 0

Улуттук идеология алкагынан алганда, биз дагы бир тарыхый саамалыктын алдында турабыз: буюрса, ушул жылдын 25-августунда кинорежиссер Өмүрзак Төлөбеков тарабынан тартылган эки бөлүктүү «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасы жалпы элдин сынына коюлганы турат. Тилекке каршы, ушундай көркөм фильм тартылат экен дегенден бери эле ар кандай ичара талаш-тартыштар болуп, ушак-айыңдар жүрүп, кайчы пикирлер айтылып келет. Мындайча айтканда, азыртан эле туула эле балага тон бычыла баштады. Анын канчалык жүйөсү бар? Мына ушундай кычалыш суроого жооп табуу максатында, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасынын тартылуу таржымалы жаатында өз пикирин билдирди.

Адегенде эле айтарым ушу: «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасы жөнүндө өз жүйөлөрүбүздү келтирели, пикирибизди жарыя айталы, бирок өткөндөн сабак алып, абыке-көбөшчүлүк деңгээлине түшпөйлү. Талаш-тартыштын жаагы катуу, кызыл тилди кычуусу кангыча ээн-эркин койо берсең, ала качып кете берет. Аларды угуп отуруп, ушундай жыйынтыкка келдим. Мени дагы манасчы жетелеп жүрүп чоңойткон, «Манас» дүйнөсүнө чоочун адам эмесмин, ошондон улам өз ара тирешип-тиштешип турган тараптардын бирине да жан тартпастан, жеке өз көзкарашымды билдирип коюуну туура таптым.

Эсиңерде болсо керек, 2022-жылдын 21-майында президент Садыр Жапаров "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын чыгарган. Ал улуттук кино өнөрү мамлекеттик саясаттын маанилүү милдеттеринин жана артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен чыгармачылык уюмдарга кино тармагына колдоо көрсөтүү тапшырмасын берген.

Ар замандын өз талабы бар, ошого жараша кайсы бир жанрдагы чыгарманын башка бир жанрга трансформацияланышы же жалгашып туруусу мыйзам ченемдүү нерсе: ошондой болгон, ошондой болот. Андай чыгармачылык мамиледен «Манас» эпосу да четте калган жок, дастанды кагазга түшүрүү, башка тилдерге которуу, китеп кылып чыгаруу амалдары XIX кылымда эле башталган. Анын башатында окумуштуулар Чокон Валиханов менен Василий Радлов турат. Бул дагы элдик оозеки чыгарманы транформациялоонун бир таризине кирет. Эмне, мунун баары «Манасты» кордогонго жатабы?..

Ал эми либереттосу авторлор тобу тарабынан даярдалган алгачкы опера 1939-жылы коюлган. Андан кийин «Манас» эпосунун бир топ проза варианттары менен пьесалар жазылды, даректүү фильмдер менен мультфильмдер тартылды, дастандын каармандары Петров, Герцен, Жоомарт Кыдыралиев, Белек Жумабаев, Урмат Осмоев сындуу бир катар художниктер тарабынан сүрөткө түшүрүлдү. Бара-бара манас айтуу өнөрү музыкалык аспаптар менен коштолду, анын айрым үзүндүлөрүнө эпостун кыраатындагы обондор чыгарылып, ырчылар ырдап чыга баштады. Эмне, мунун баары «Манасты» кордогонго жатабы?..

«Манас» эпосун көркөм тасма жанрында жаратуу демилгеси тээ 1939-жылы эле башталып, Кыргыз ССР Өкмөтүнүн көркөм фильм тартуу жөнүндө токтому чыккан. Тилекке каршы, согуш башталып калды. Аны кайрадан жандандыруу демилгесин колго алган Жоомарт Бөкөнбаев 1944-жылы фильмге жер тандоо сапарында жол кырсыгынан улам кайтыш болду. Ал эми айтылуу «кыргыз кереметинин» башатында турган Мелис Убукеев тарткан алгачкы көркөм фильмдин тасмалары астыртан айгак чыккан абыке-көбөштөрдүн айынан өрттөлүп, өзү чет жерге кетүүгө аргасыз болгон. Азыр анын аман калган айрым үзүндүлөрүн көрүп жүрөбүз.

Андан сырткары, Төлөмүш Океевдин экранга чыкпай калган эки бөлүмдүү «Чыңгызхан» көркөм фильмин деле «Манас» фильмине даярдык катары карасак болот. Режиссер анын жасалгаларын, жарак-жабдыктарын, кийим-кечелерин толугу менен сактап жүргөн. Алардын баары өткөөл кезеңде таланып-тонолуп, калган-катканы өрттөлүп тынды. Кийин Болот Шамшиев дагы «Манас» фильмин тартууга катуу далбас урду, бирок эмнегедир мамлекет тарабынан колдоо тапкан жок. Каран калган кайдыгерлик кинорежиссердун мизин кайтарып койду окшойт, акыры акырын четке чыга берди.

Ал эми Өмүрзак Төлөбеков өз филиминин сценарийине негиз кылып алган Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынын жаралуу таржымалы мындай: «Айкөл Манас» үчилтигин даярдоо дал ушу «Манастын уулу Семетей» пьесасын жазуудан башталат. Ал 1982-жылдан бери Кыргыз улуттук драма театрында үзбөй коюлуп келет. Өлкөнүн театралдык мезгилинин башталуу аземи да такай ушул драма менен ачылат. Ошондон улам, быйыл спектаклдин жасалгалары жана коюлуу амалдары толугу менен өзгөртүлүп, «Төлгө» деген жышааналуу аталышка ээ болду. Ылайым, жакшылыктын жышааны болсун!

Менимче, «Манастын уулу Семетей» фильмине ошол пьесанын негиз катары тандалып бекеринен эмес. Ал 40 жылдан бери өлкөнүн дээрлик баардык театрларынын репертуарына кирип, мезгил сынынан тайгылбай өткөн чыгарма. Албетте, ал сахнанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазылган чыгарма болгондуктан, көркөм тасманын жанрдык табиятына жараша айрым бир өзгөртүүлөр киргизилсе керек, эми ал турулуу нерсе.

Айтылуу «Теңири Манас» романынын автору Ашым Жакыпбековдун минтип айтканы бар: «Буюрса, «Манасты» бүттүм. Эпостун бул бөлүгүнүн композициясы татаал дагы, катаал дагы, окуялар кыйла чиеленишкен. Менин баамымда, анын «Семетей» бөлүгүнүн башкы лейтотиви так, драматургиясы күчтүү, окуялардын өнүгүшү курч, композициясы негизинен даяр. Бир баса отурсам эле жазып салчудай болуп турам». Тилекке каршы, жазуучу ал тилегине жетпей калды, аттиң!..

Жазуучунун бул сөзүндө чындык бардай туюлат. Анткени, автолор тобунун «Манас» операсы да, Жалил Садыковдун «Айкөл Манас» үчилтиги да адегенде дастандын дал ушу «Семетей» бөлүгүн жазуудан башталып жатпайбы. Демек, кинорежиссер Өмүрзак Төлөбеков дагы «Манастын» өзүн тартып жаткан жери жок, тек анын «Семетей» бөлүгүнүн бир үзүндүсүн тартты. Мамлекетте деле көркөм фильмди кимге тарттырыш керек, кимге тарттырбаш керек дегендей бир арты бузук саясат жок. Ким демилге көтөрсө, ким канчалык камылга көрсө – ошол озот, ошол тартат. Ага ар бир чыгармачыл адамдын укугу бар. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек.

Мен билгенден, илгери манасчылардан тышкары, эпостун жалаң «Семетей» бөлүгүн айткан семетейчилер да болгон. Семетейчи Сейдене сындуу чоң таланттар семетейчилердин бүтүндөй бир мектебин түзүшкөн. Алардын чыгармачыл кудурети манасчылардан кем бааланган эмес. Маселелен, Саякбайдын «Каныкейдин Тайторуну чапкан» окуясын ушунчылык күчтүү дем, алкынган айбат, чыныгы чыгармачылык эргүү менен айтып калганы деле бекеринен эмес чыгар.

Эмесе, «Манастын уулу Семетей» драмасынын башкы леймотви мындай: кан Манас өлгөндөн кийин чар тарапка чачылган кыргыз журтун жыйноо, аларды ички жана тышкы душмандардан коргоо. Башкы каармандар – Бакай, Чыйырды, Сарытаз, Бакдөөлөт ж.б.у.с.лар. Алар элдик эстутумду сактап туруучулар болуп саналат. Букардан өз элин издеп, өз жергесине кайтып келген Семетейге кеп-кеңешин берип, жол көрсөтүп турушат. Экинчи тарап – кан Манас жокто бийлигине эсирип, душмандар менен келишип алган, эл-журтун таруудай чачыратып, мал-мүлккө эркин-эмен ээ болуу кынуусун алган Жакып, Абыке, Көбөш.

Дөөлөт Сыдыковдун «Манасты» тартканга болбойт, «Манаска» тиши өтпөсө тийбеш керек» деген пикирине кошулууга болбойт. Мына, «Манас» эзелтен эле айтылып келет: ошол манасчылардын арасында мыктысы бар, жакшысы бар, ортозары бар, чабалы бар. Атаандаштык деген ошол: кимиси мыкты, кимиси чабал, аргандай деңгээлдеги сынактар аркылуу иргелип, тандалып, макталат. Мындайча айтканда, эл өзү баа берип жатпайбы. Белгилүү манасчынын жогорудагы кеби аларга: «Эй, сен чабал экенсиң, экинчи манас айтпай жүр!» деп эшикке кууп чыккандай эле бир жосунсуз жоруктай туюлуп турбайбы, туурабы?..

Дөөлөтчүлөр тобунун «Дөөлөттүн кетиши – кыргыздан дөөлөттүн кетиши, бийлик кутунун кетиши» деген сыңар урдурма ууран ташташы – ары дегенде акылга сыйбаган жорук, бери дегенде куру доомат, сандырак кеп. Эмне, бүткүл кыргыз журтунун тагдыры менен дөөлөтү ушу Дөөлөт экөөбүзгө байланып калыптырбы? Аны бийлик куугунтактаган эмес, андай ниети дагы жок. Азыркы бийлик оппененттеринин тилине кирип, өз кемчилигин жарма таарынычка айлантуунун эмне кереги бар.

Мен деле манасчы Дөөлөт мырза чет өлкөгө чыгып кеткенде: «Дөөлөт мыкты манасчы, эстүү жигит, буюрса, Кыргызстанга кайра кайтып келет» деген тилегимди билдиргем. Буюрса, ал ишке ашат. «Бөлөк элдин султаны болгуча – өз элиңдин ултаны бол» дейт, өздөрүнүн деле көзү жетип калган чыгар. Дөөлөт иним, чыныгы дөөлөт андай кылса мындай кыл, мындай кылса андай кыл деп астыртан айдактаган шыкакчылар тобунун оозунда эмес, өз жериңдин, өз элиңдин колунда.

Кыскасы, «Манастын уулу Семетей» фильминин тартууга негизги каржылык колдоону ишкерлер тобу көтөрдү. Чыгармачылык жактан «Казакфильм» жана россиялык киностудиялар көмөк көрсөтүштү. Андан тышкары, кинотасма эл аралык Шанхай кызматташтык уюмунун «Бир алкак – бир жол» («Жибек Жолу») долбоорунун алкагында жана «Түрксой» уюмунун колдоосу менен көрсөтүлөт. Демөөрчүлөр менен колдоочулардын баарына чоң ыракмат!

Ошентип, Өмүрзак Төлөбековдун жаңыдан тартылып бүткөн «Манастын уулу Семетей» фильми деле калк сынына коюлганы турат. Анын чыныгы даремети ошондо чындап байкалат, күтө туралы.

Кыргызда бир жакшы кеп бар: «Качкан дагы кудай дейт, кууган дагы кудай дейт!». Кимиси кууган, кимиси куулган, кимиси калп да, кимиси чын, аны Жараткан өзү ылайгайт, сабыр кылалы, күтө туралы…

Пикир

Оставить комментарий