• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын президенти менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду.

Жолугушууга ошондой эле, Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл, Монголиянын мурдагы президенти Намбарын Энхбаяр дагы катышышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Касым-Жоомарт Токаевди кайрадан Казакстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, Казакстанда болуп жаткан реформаларды кубаттады.

Казакстандын мамлекет башчысы конокторду 20-21-декабрда, Астана шаарында өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышып бергени үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ал ар тараптуу кызматташтык жана маданий иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы достукту, ынтымакты чыңдай тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары жолугушууда Казакстандын президенти менен Кыргызстандын мамлекеттик катчысы кыргыз-казак достугу, эки элдин маданияты, өз ара бир туугандык алакасы боюнча пикир алмашышты.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду 2-даражадагы достук ордени менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий