• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик катчы Сталинграддагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Коом 0


Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 2-февралда, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Сталинград салгылашуусунда немец-фашисттик аскерлердин талкаланышынын 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россия Федерациясынын жана Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчилери Николай Удовиченко жана Андрей Страчко Өчпөс отко гүл коюшту.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктерине токтолуп, кыргыз эли эзелтеден "чептен эрдин күчү бек" экенин айтып, салгылашта немец-фашисттик аскерлерин талкалоодо көп улуттун өкүлдөрү биргелешип жеңишке жеткенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 1943-жылдан бери 2-февраль Сталинград салгылашуусунда немец-фашисттик аскерлер жок кылынган күнү катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий