• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик катчы: Төлөгөн Касымбековдун эмгеги өлкө тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала берет

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 27-октябрда, Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө кыргыз элинин адабият, маданият жана искусство тарыхында өчпөс из калтырган алп жазуучу – тарыхый романистикасын түптөгөн күчтүү сүрөткер Төлөгөн Касымбеков XX кылымдын экинчи жарымында советтик идеологиянын кысымдарына карабастан кыргыз эли басып өткөн тарыхты көркөм сөздүн күчү менен жуурулуштуруп, гениалдуу тарыхый чыгармаларды жаратканын белгиледи.

«Улуу жазуучу чыгармачылык өнөрүнүн, калеминин курчтугунун натыйжасында кыргыздын чыгаан атуулдарынын басып өткөн эмгек жолун даана жана так сүрөттөп, таамай жеткире билген. Сөз куйкумун таап, кыргыздын нукура сөздөрүн чебер колдонгон», - деген ал, Төлөгөн Касымбеков кыргыз адабиятынын тарыхый жанрына жаңылык киргизип, аны менен чыныгы мекенчил жазуучу деген сыймыктуу атка татыктуу болгонун кошумчалады.

Мамлекеттик катчы жазуучунун аңгеме жана романдары коомчулукта чоң резонанс жана кызуу дискуссия жаратканын белгиледи. Анын тарыхый роман - “Сынган кылыч” чыгармасы көптөгөн илимий, тарыхый, публицистикалык изилдөөлөрдүн объектисине айланган.

Сүйүнбек Касмамбетов эске салгандай, Төлөгөн Касымбеков жазуучулук ишмердүүлүктөн сырткары 1990-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты, тил, маданият жана билим берүү боюнча эл аралык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы кызматтарын ийгиликтүү аркалаган.

«Аны коомчулук жана жазуучулар мыкты прозаик жана коомдук ишмер катары жогору баалашкан. Чыгармаларында кыргыз адабиятынын, маданиятынын, искусствосунун, тарыхынын жана илимдин өзөгүн түзгөн маанилүү окуялар, кыргыздын бай көркөм сөзү менен берилген», - деди Мамлекеттик катчы.

Сөзүнүн соңунда ал, Төлөгөн Касымбековдун кыргыз адабиятына, маданиятына, көркөм сөз өнөрүнө калтырып кеткен улуу мурасы - асыл чыгармалары өзүнүн мааниси, мазмуну, актуалдуулугу менен классикага айланып, коомубузда түбөлүккө жашай берерин белгиледи.

«Улуу жазуучубуздун жаркын элеси, эл үчүн кылган эмгеги өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала берет!», - деп сөзүн жыйынтыктады мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

Пикир

Оставить комментарий