• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик катчы Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү менен жолукту

Коом 0


Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү менен жолукту.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, жолугушууда мамлекеттик катчы Улуттук жазуучулар союзу материалдык колдоого муктаж экендигин айтып, уюм Улуттук макамын алганы менен буга чейин көңүл бурулбай келгендигин билдирди.

Мамлекеттик катчы жазуучуларды түйшөлткөн көйгөйлөрүн угуп, президент Садыр Жапаровдун атайын "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө", ошондой эле “Улуттук нарк” жөнүндөгү Жжарлыктардын негизинде иш жүргүзүлөрүн айтты.

Белгилей кетсек, жазуучулардын башын бириктирген уюм 1934-жылы уюшулуп, 2004-жылдан бери улуттук макамына ээ. Учурда жазуучулар союзунун 600дөй мүчөсү бар. Анда проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий