• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Нооруз майрамы Ысык-Көл облусунда салтанаттуу белгиленип жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын Ч.Айтматов атындагы борбордук аянтында театрлаштырылган иш-чара болуп, маданият өкүлдөрү элге жаркын маанай тартуулашты.

Майрамдык иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, касиеттүү Ысык-Көлдүн элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Ылайым бизге жакшылык жанашып, жамандык адашып, көлдүн жээгин ырыс-кешик талашып, бакыт-таалай, ынтымак болсун! Сиздерге чың ден соолук каалайм, Нооруз майрамы жакшылыктарды алып келсин, элибизде тынчтык болсун”, - деди Касмамбетов.

Облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов элди токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын башаты болгон Нооруз майрамы менен куттуктап, элибизге ынтымак, биримдик, жерибизге молчулук жана береке каалады.

Майрам кол өнөрчүлүк жана тамак-аш жарманкеси менен коштолууда.

Пикир

Оставить комментарий