• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик катчы жана Конрад Аденауэр атындагы фонддун регионалдык өкүлү кызматташтык маселелерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев бүгүн, 23-августта, Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбордук Азия боюнча регионалдык өкүлү Ронни Хайне менен жолугушту.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, билим берүү жана башка тармактарда кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Чолпонбек Абыкеев балдардын руханий-нравалык тарбиясына мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүүнүн маанисин белгиледи.

Анын айтымында, глобализация шартында эне тилди сактоо боюнча ири программаларды жылдыруу зарыл. Негизинен, кыргыз тилин өнүктүрүүгө, жаш муунда патриоттуулук сезимдери менен мекенине болгон сүйүүнү калыптандырууга багытталган улуттук колориттеги китептерди чыгаруу боюнча пландарын айтып берди.

Ронни Хайне бул келечектүү долбоор экенин белгилеп, аны кубаттады. Ал эки тараптуу тыгыз кызматташуунун өнүгөөрүнө ишеним артты.

Тараптар билим берүү тармагындагы долбоорлорду эле эмес, башка багыттарда да кызматташуу мүмкүндүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий