• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылдын башынан бери 213 миллион сом акча тапты

Экономика 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылдын январь айынан июлга чейин 212 миллион 681 миң 448 сом тапты.

“Ачык бюджет” порталынын маалыматына ылайык:

- Диплом/аттестат берүү үчүн төлөм, илимий даражаларды тапшыруу жана илимий макамга ээлик кылуу жөнүндөгү документтерди нострификациялоо үчүн төлөм – 311 миң 615 сом;

- Убактылуу колдонууга берилген документтер үчүн төлөм – 154 миң 204 сом;

- Маалым каттарды, күбөлүктөрдү ,дубликаттарды, ишеним каттарды жана полисти берүү үчүн төлөм – 1 миллион 2 миң 272 сом;

- Кызмат көрсөтүүлөрдүн классификацияланбаган башка түрлөрү үчүн төлөм – 2 миллион 967 миң 816 сом;

- Каттоо боюнча классификацияланбаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн, маалым каттарды жана башкаларды берүү үчүн төлөм - 89 миллион 905 миң 466 сом;

- Жарандарды документтештирүү жана документ жасап берүү үчүн төлөм – 104 миллион 839 миң 753 сом;

Документтерди даярдоо, кабыл алуу жана сактоо үчүн төлөм – 8 миллион 388 миң 412 сом;

Издөө жүргүзүү, тандоо жана маалымат берүү үчүн төлөм – 4 миллион 899 миң 529 сом.

Былтыркы жылдын ушул мөөнөтүндө Мамкаттоо 172 миллион 334 миң 608 сом киреше тапкан.

Пикир

Оставить комментарий