• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик каттоо кызматы 7,6 млн сомду максатсыз колдонгон

Коом 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Эсептөө палатасы 2015-жылы Мамлекеттик каттоо кызматындагы бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча кезектеги аудитин жүргүзүп, ага ылайык 7,6 млн сом максатсыз коромжу болгонун аныктаган.

Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө 7,6 млн сом туура эмес, тагыраагы айлык акыны төлөөгө 4,8 млн сом, максатсыз пайдаланылган каражаттар 2,2 млн сомду, негизделбеген материалдык жана каржы баалуулуктарына 0,4 млн сом жана дебитордук жана насыя карызы 0,2 млн сомду түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө МККнын борбордук аппаратында айлык акылар негизсиз берилип келгени аныкталган. Ошондой эле, МККнын кызматкерлерине компьютерден келтирилген зыян, оор жумуштарды аткаргандыгы, ден соолукка келтирилген зыян үчүн кошумча акча төлөнүп келген. Эскерте кетсек, кызматкерлерге бул каражатты төлөп берүүгө уруксат берген документтер жок болуп чыккан.

Эсептөө палатасынын кеңеши менен МКК мекемесине текшерүүдөн чыккан кемчиликтерди жакын арада жоюу, ката кетирген кызматкерди жумушун улантууга тыюу салуу ошондой эле, МККнын төрагасына аталган мекемеде жооптуу кызматтарды ээлеп, каржылык жана башка каталарды кетиргендиги үчүн алардын жоопкерчилигин кароо эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий