• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик каттоо кызматы онлайн калькулятор кызматын ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын portal.srs.kg - электрондук порталында алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо алынуучу жыйымдын көлөмүн эсептөөчү онлайн калькулятор ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, онлайн калькулятор автоунаа ээлерине өз алдынча транспорт каражатынын чыгарылган жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша каттоодо алынуу жыйымдын наркын аныктоого жардам берет. Тиешелүү талаалар көрсөтүлгөндөн кийин онлайн калькулятор автоматтык түрдө эсептеп чыгарат.

Белгилүү болгондой, автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйым алынат.

Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жыйымдын өлчөмү жыл сайын бекитилүүчү тарифтик торчо менен аныкталуучу автомототранспорт каражатын базардагы орточо наркынын 5 пайызын, ал эми аны кайра каттоодо 0,3 пайызын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий