• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик каттоо кызматы жыл жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңейтилген кеңешме болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмени МККнын башчысы Акын Мамбеталиев жетектеп, жолугушууга Каттоо кызматынын борбордук аппараты жана ага караштуу беш мекеме катышты.

Иш-чаралардын жыйынтыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Санжар Жумадилов чыгарып, ведомство тарабынан өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүү алкагында жүзөгө ашырылып жаткан олуттуу жана маанилүү долбоорлор жөнүндө айтты.

"Кызмат "ачыктык" саясатын жүргүзүү максатында калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын көзөмөлдөйт. Бүгүнкү күндө МКК тарабынан 80 долбоор ишке ашырылып жатат, анын ичинен 46сы даяр, 27си иштелип жана 7си жаңы долбоорлор. Ошентип, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти 26 мамлекеттик кызмат көрсөтөт, анын ичинен 24 электрондук форматка өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ведомстволук мекемелердин ар бир жетекчиси аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат беришти, анткени МКК 39 мамлекеттик кызмат көрсөтөт. Жолугушуу конструктивдүү диалог форматында өтүп, узак мөөнөттүү пландар жана актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий