• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мамлекеттик курулуш агенттиги: 2019-жылы 110 объект пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. 2019-жылы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан 110 курулуш объекти пайдаланууга берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов билдирди.

"Анын ичинен 51и курулуш объекти, 36 объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылды. 23 айылда таза суу менен камсыз кылуу объекттери пайдаланууга берилди", - деп, ал 51 курулуш объектинин ичинде 39 мектеп, 2 бала бакча, 6 саламаттык сактоо жана 4 маданият тармагындагы объект бар.

Ал белгилегендей, былтыр пайдаланууга берилген жана курулушу жүргүзүлгөн объекттерге 2 млрд 774 млн сом каралган. Анын ичинен 2 млрд 748 сом акча бөлүнүп берилген.

"1 млрд 976 млн сом объекттердин курулушуна, капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 265 млн сом, таза суу менен камсыз кылуу объекттерине 500 млн сом бөлүнгөн", - деди ал.

"Былтыркы жылдан калган курулуш, капиталдык оңдоо-түзөө жүргүзүлө турган, таза суу менен камсыз кылуу объекттеринин курулушун жүргүзүүгө биринчи этап менен 1 млрд сом 4 млн сом каралууда. Анын ичинен 250 млн сомду таза суу менен камсыз кылуу объекттерине, 150 млн сомду капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлө турган объекттерге, 1 млрд сом курулуш объекттерине жумшоо пландалууда", - деди ал.

Аны менен бирге ал, бул жылдын жыйынтыгы менен 100дөн ашык объектти пайдаланууга берүү пландалып жатканын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий