• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мамлекеттик мүлк фонду деструктивдүү күчтөрдү мамлекеттик объекттерди басып алуу аракетин токтотууну өтүндү

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коомдук кеңеши жана эмгек жамааты бардык саясий күчтөргө жана Кыргызстандын элине мамлекеттик мүлктөрдү басып алууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылат.

"Учурда Кыргызстанда турукташуу жана саясий кризистен, туруксуздуктан чыгуу процесси жүрүүдө. Бирок мындай тынч эмес мезгилде мамлекеттик компания, ишкана жана мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз басып алуу аракеттери башталды. Саясий күчтөр менен активдүү жарандык коом мыйзамдуулук менен тартипти орнотууга аракет көрүп жаткан учурда, айрым деструктивдүү күчтөр саясатчылардын, саясий партиялардын жана криминалдык авторитеттердин атын жамынып мамлекеттик мүлктү басып алууга аракет кылууда. Бардык жерде тоноп кетүү, мародерчулук жана рейдерлик басып алуу аракеттери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коомдук кеңеши жана эмгек жамаатынын билдирүүсү:

"Мыйзамдуу өкмөттүн орношуна чейин мамлекеттин үлүшү бар акционердик коом жана мамлекеттик ишканалардын бардык жетекчилери убактылуу милдетин аткаруучу макамында калтырылат. Мамлекеттик объектти басып алуу жана өзүн жетекчи кылып дайындоо аракеттерин рейдерлик басып алуу, алдамчылык жана өзүм билемдик деп эсептелсин жана алар Кыргызстандын мыйзамдарынын нормаларына ылайык жоопко тартылат.

"Альфа Телеком" ЖАКы (MegaCom соода маркасы) мамлекеттик мүлкүнө байланыштуу кырдаал боюнча ал объектти бир күн ичинде эки топтун басып алуусун мыйзамсыз экенин билдиребиз. Өлкөдөгү мыйзамсыздыктын мындан ары таралышына бөгөт коюу үчүн укук коргоо органдарын ал алдамчылык, өзүм билемдик жана рейдерлик басып алуу фактыларына чара көрүүсүнө чакырабыз. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кадр саясатын мамлекеттик органдардын статс-катчылары карайт. Статс-катчы саясий эмес административдик кызмат. Анын максаты саясаттан тышкары болуп, мамлекеттик кадрдык ишти жүзөгө ашырууну камсыздоо. Учурдагы жетекчилик, мамлекеттик органдардын статс-катчылары жана коомдук кеңеш менен макулдашылбаган кадрдык чечимдер жараксыз деп эсептелсин. Кыргызстандагы бардык күчтөрдү, активисттерди, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана аймактардагы укук коргоо органдарын мамлекеттик объекттерди коргоого чакырабыз".

Пикир

Оставить комментарий